Биз азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу, азык-түлүк суверенитети, агроэкология жана агробиологиялык ар түрдүүлүк чөйрөсүндө иш алып барабыз.

«Өнүктүрүү демилгелер агенттиги» коомдук фонду (ADI) – Кыргыз Республикасындагы азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу, азык-түлүктүн суверенитети, агроэкология жана агробиологиялык ар түрдүүлүк чөйрөсүндө 10 жылдан ашык тажрыйбасы бар коммерциялык эмес, саясий эмес уюм.

ADI чакан фермерлер жана майда өндүрүүчүлөр айыл чарба өндүрүш системасынын негизги элементи болуп саналат деген концепцияны карманат. Ошондуктан алар биздин демилгелерибиздин негизги катышуучулары.

УЮМДУН МИССИЯСЫ:

жергиликтүү өнүгүү демилгелерин колдоо аркылуу Кыргызстанда коомдук ынтымакка, бакубаттуулукка жана экономикалык өнүккөн коомду түзүүгө көмөктөшүү.

ИШИБИЗДИН НЕГИЗГИ БАГЫТТАРЫ:

Стерильность и безопасность

Жергиликтүү жамааттардын биргелешип катышуу аркылуу социалдык мобилизациясы жана потенциалын жогорулатуу. АИР аймактарды өнүктүрүүгө жана алардын бакубаттуулугун жогорулатууга, аярлуу үй чарбаларын мобилизациялоо аркылуу айыл жамааттарынын дараметин бекемдейт. АИР жергиликтүү жамааттардын, чакан фермерлердин, айылдык аялдардын жана жаштардын туруктуу натыйжаларга жетишүү үчүн көндүмдөрүн өнүктүрүүгө басым жасайт. АИР командасынын айыл жергесинде социалдык мобилизациялоо боюнча 25 жылдан ашык тажрыйбасы бар.

Стерильность и безопасность

Чакан чарбалардын деңгээлинде жергиликтүү жашылча сортторун жандандыруу. 2015-жылдан бери «Дыйкан Мурас» үрөн сактоочулар бирикмеси иштеп, 700дөн ашык мүчөсү (алардын 98% аялдар) бар. Алардын ичинен 28 үрөнчү-дыйкан жашылчалардын үрөнүн бирикменин мүчөлөрү үчүн даярдашат. Үрөндөрдүн сапатына “Дыйкан Мурас” кепилдик системасы жана лабораториялык текшерүүлөрдүн жыйынтыгы кепилдик берет. 2020-жылдан бери тажрыйбалуу үрөнчү дыйкандар агроэкологиялык талаа мектептеринде билимдери менен бөлүшүп келишет. YouTube каналында Дыйкан мектебинин видеосабактары бардык дыйкандарга жеткиликтүү.

Стерильность и безопасность

Өндүрүүчүлөр менен колдонуучулар ортосундагы байланыштарды түзүү. Жергиликтүү майда фермерлердин продукциясын жылдыруу. Себет фермердик дүкөнү 2022-жылы ачылган..

Эл аралык жана улуттук тармактарга мүчөлүк

  • Дүйнөлүк Азык-түлүк коопсуздугу комитети менен байланышты камсыз кылуу үчүн Жарандык Коомдун жана түпкү элдер механизминин мүчөсү (SCMIP under UN Committee of Food Security (CFS)
  • Европа жана Борбордук Азия боюнча Билим агроэкологиялык тармагынын мүчөсү
  • Европа жана Борбордук Азиядагы азык-түлүк суверенитети үчүн Nyeleni кыймылынын мүчөсү
  • «Ала-Тоо» конвивиумунун «Slow Food» кыймылынын мүчөсү
  • Тоо Шериктештигинин мүчөсү (Mountain Partnership)
  • ICCA тармагынын мүчөсү (жашоо аймактары)
  • Үй-бүлөлүк чарбанын декадасы улуттук комитеттин мүчөсү
  • Тамактануу жана азык-түлүк коопсуздугу маселелери боюнча улуттук альянстын мүчөсү (SUN кыймылы)
  • Жашыл Альянстын мүчөсү
  • Улуттук мониторинг жана баалоо тармагынын мүчөсү